2018-жылы Кыргызстанда табигатты коргоо боюнча 436 демилге бекитилди
Өткөн жыл ичинде Мамлекеттик экологиялык жана орман чарба агенттиги (МЭОЧА) табигатты коргоо боюнча демилгелерди каржылоого 710 арызды карады.
Ведомствонун маалымат кызматынын маалыматына ылайык, алардын ичинен 436сы бекитилген, ал эми каржыланган 254 арыздын жалпы суммасы 85 млн. 889 миң 300 сомду түздү.
Табигатты коргоо боюнча иш-чараларды каржылоонун негизги багыттары суу жана жер ресурстарын рационалдуу пайдалануу, өндүрүш жана керектөө калдыктарын башкаруу, орман чарбасынын ишмердүүлүгүн колдоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, атмосфералык абаны коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, атайын корголуучу табигый аймактарды өнүктүрүү, экологиялык башкаруунун потенциалын жогорулатуу жана башка багыттар болуп саналат.
Бул чаралар, МЭОЧАдан белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын президентинин «2019 жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо» Указынын алкагында жана «Биримдик, ишеним жана курулуш» өкмөттүк программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.
МЭОЧА 2014-2018-жылдар аралыгында табигатты коргоо жана орман чарбасын өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен өлкөнүн бардык региондору үчүн 87 бирдик атайын техника сатып алды, анын жалпы суммасы 185 млн. 293 миң 800 сомду түздү. Алардын ичинен МТЗ-82.1 тракторлору плуг менен - 28, таштанды ташуучу унаалар - 37, авто көтөргүчтөр жана крандар - 3, таштанды үчүн бульдозер - 3, экскаватор-бульдозер, жүктөгүч, прицеп - 5, авто самосвалдар - 5, иллосос жана сугаруу машиналары - 6.