Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Акция «Таза Тоо - Чистые горы»

Акция «Таза Тоо - Чистые горы»

Акция «Таза Тоо - Чистые горы»


Жөө туризм союзунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2014-жылы өткөн «Таза Тоо - Чистые горы» акциясынын аяктагандыгын билдирет. Бул акциянын алкагында Аламедин жана Кегетинин капчыгайында, ошондой эле Ысык-Ата капчыгайында үч субботник өткөрүлдү.

Иш-чаранын спонсорлору ОБСЕ жана «Хельветас Кыргызстан» долбоору, уюштуруучулары Жөө туризм союзунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, МКИТ КРнын Туризм департаменти жана КРнын Студенттик кыймылы. Медиа өнөктөштөр: "5 канал" жана радио "Азаттык".

Үч субботниктин жыйынтыгында болжол менен 5-6 тонна үй-тиричилик таштандылары жыйналды жана чыгарылды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мисалы, Таш-Мойнок айыл өкмөтү, Кегетин айыл өкмөтү жана Ысык-Ата акимиаты Ысык-Ата курортунун жетекчилиги менен биргеликте таштандыны чыгарууга жардам беришти, өз тараптарынан транспорт менен камсыз кылышты.

Субботниктерде активдүү катышкан бардык волонтерлорго чоң ыраазычылык билдиребиз!

Кыргыз Республикасынын жарандарын өз өлкөсүнүн кооздуктарын сактоого чакырабыз жана өз аймактарында субботниктерге чыгууга үндөйбүз, бул биздин өлкөнүн ар бир аймагынын туристтик тартуучулугун жогорулатууга таасир этет.

Тазалык - убактылуу эмес, таштанды таштабай турган жерде болот деп дагы бир жолу эскертебиз!
19-05-2014, 19:06
Вернуться назад