Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Компания «Кумтор» Кыргызстан жаштарынын экологиялык билим берүү долбоорун «Жашыл Ой» каржылайт.

Компания «Кумтор» Кыргызстан жаштарынын экологиялык билим берүү долбоорун «Жашыл Ой» каржылайт.

Компания «Кумтор» финансирует проект экологического образования молодежи Кыргызстана «Жашыл Ой».


Республикалык экологиялык программа «Жашыл Ой» экинчи жыл подряд «Жаштардын демилгелерин өнүктүрүү фонду» тарабынан «Кумтор Голд Компани»нын финансылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Проекттин максаты — Кыргызстан жаштары үчүн экологияны коргоо, экологиялык коопсуздук жана туруктуулук боюнча мыкты практикалар менен таанышуу үчүн окуу аянтчаларын түзүү.

Бул жылы экологиялык лагердин программасы үч этаптан турган. Биринчи бөлүгү «Жашыл Ой — Жаштык» аталышында 7-14-июнь күндөрү Бишкекте өттү. Анда республика боюнча 14-18 жаштагы жигиттер жана кыздар экологиялык коопсуздук, суу жана санитария, урбанизацияланган булгануу жана башка темалар боюнча мастер-класстарда билим алышты. Жаштардын экологиялык маданиятын калыптандыруу программанын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Так ушул куракта баалуулуктарды орнотуу башталат жана так маалыматтарды алуу экологиялык-укуктук маданияттын зарыл деңгээлин калыптандыруу үчүн шарттарды камсыздайт.

Экинчи бөлүк «Жашыл Ой — Жаштар» аталышында 29-июлдан 4-августка чейин Ысык-Көл облусунун Каджи-Сай айылында 18-25 жаштагы коомдук уюмдардын активисттери жана лидерлеринин катышуусунда өттү. Тренингдерге жана семинарларга атайын чакырылган эксперттер, профессорлор, экологдор, ушул багытта ийгиликтүү иш алып барган коомдук уюмдардын жетекчилери катышты. Эколагерь жаңы билимдерди алуу жана тажрыйба алмашуу үчүн жайга айланды, экологияны сактоо боюнча жаңы идеяларды иштеп чыгуу үчүн мээ штурмунун борбору болду. Лагердин кээ бир катышуучулары өз долбоорлорун ишке ашыруу үчүн миң долларга чейин грант алышты. Ошондой эле лагердин катышуучулары «Кумтор» кенине барып, өндүрүш менен таанышып, экологияны коргоо боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканын өз көздөрү менен көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Эколагерьдин акыркы бөлүгү «Жашыл Ой — 2014» Эл аралык форуму болду. Ал 20-25-августта Чолпон-Атада, экологиялык долбоорлор жана программалар боюнча иштеп жаткан ТМД, Балтика жана Кавказ өлкөлөрүнүн жаш адистеринин катышуусунда өттү. Форумда талкууланган негизги темалар: антропогендик таасир экологияга жана экологиялык көйгөйлөр боюнча маалымдуулукту кеңейтүү болду. Талкууларда тараптар бардык өлкөлөр бири-биринин экологиясына таасир этерин жана биргеликте гана экологияны сактоо боюнча туруктуу натыйжаларга жетүүгө болорун макулдашты.

«Биздин компания үчүн экологияны коргоо маселеси абдан маанилүү. «Кумтор» кенинде өндүрүштүн бардык этаптарында экологиялык менеджмент системасы ишке киргизилген, кырдаалды туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө. Эколагерди колдоп, жаштардын аң-сезиминде экологияга болгон камкордук мамилесин калыптандырууну, экологиялык көйгөйлөрдү түшүнүүнү жана кабыл алууну кеңейтүүнү каалайбыз», — деп белгиледи «Кумтор Голд Компани»нын туруктуу өнүгүү боюнча директору Дуглас Гриер.

Сүрөт: Владислав Ушаков
Булак: time.kg
29-08-2014, 21:37
Вернуться назад