Кыргызстанда табигый кырсыктарды алдын алуу үчүн спутниктик байкоонун жаңы ыкмалары колдонулууда. Бул тууралуу Германиянын эрте кабар берүү борборунун Жерди изилдөө борборунун жетекчиси Стефано Паролай билдирди.
Анын айтымында, Германиянын борбору көп жылдан бери Борбордук Азиянын Жерди колдонмо изилдөөлөр институту менен биргеликте мындай байкоолорду жүргүзүп келет /Бишкек/. Байкоолордо жана изилдөөлөрдө спутниктик жана жердеги байкоо үчүн жаңы технологиялар жана инновациялык ыкмалар колдонулуп, интенсивдүү курулуш жүргүзүлгөн аймактардын, калкы көп жайгашкан пункттардын осалдуулугун тез баалоо мүмкүнчүлүгүн берет. Алар климаттык өзгөрүүлөрдөн баштап, жер көчкү процессине чейин табигый кырсыктар менен байланышкан учурдагы коркунучтарды жана тобокелдиктерди баалашат.