
НБКР тарабынан чыгарылган ЕАЭС монетасы 2-ноябрдан баштап жүгүртүүгө киргизилди. ИА адистеринин билдирүүсүнө караганда, Улуттук банктын коллекциялык монеталары ушул темада 1-декабрга чейин ЕАЭСке катышкан бардык өлкөлөрдө чыгарылат.
– Бул монета Кыргызстандын ЕАЭСке киргенине жыл толгонуна байланыштуу чыгарылды. Эскертүү катары, ушул эле темадагы монеталар Евразия экономикалык биримдигинин бардык өлкөлөрүндө чыгарылат. Беш монета бир аталышка ээ болот жана ар биринде ЕАЭСтин бирдиктүү расмий эмблемасы түшүрүлөт, – деди НБКРдин акча каражаттары башкармалыгынын начальниги Шамиль Айдаркулов.
Монетанын бет жагында Кыргыз Республикасынын герби жер шарында рельефтүү фондо көрсөтүлгөн, ал монетанын дизайнынын бириктирүүчү элементи болуп саналат. Монетанын жогорку бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазуу, ошондой эле монетанын чыгарылган жылы (2015) көрсөтүлгөн, төмөнкү бөлүгүндө – монетанын номиналы (10 сом). Монетанын сол жагында металлдын пробасы (Ag 925), оң жагында – монетанын салмагы (31,10 г.) көрсөтүлгөн.
Монетанын арткы жагындагы негизги сюжет евразиялык мамлекеттердин интеграциялык жакындашуусун чагылдырат: ЕАЭСтин расмий эмблемасы евразия континентинин фонунда, жер шарында жайгашкан жана ЕАЭСке мүчө беш мамлекеттин желектеринин түстүү сүрөттөрү. Монетанын жогорку бөлүгүндө «Евразия экономикалык биримдиги» деген жазуу, төмөнкү бөлүгүндө – «Евразия экономикалык союзу» деген жазуу жайгашкан.
Медалдардын тиражы 1 миң даана. Алар 925-пробадагы күмүштөн жасалган. НБКРдин расмий баасы - 3300 сом.
– ЕАЭС монетасын түзүүдө сүрөттүн рельефтүүлүгү жана ЕАЭСке мүчө беш мамлекеттин желектеринин түстүү сүрөттөрү сыяктуу бир нече экспрессивдүү каражаттар колдонулган. НБКРдин монетасы түстүү тампондук басма ыкмасы менен жасалган, - деди акча каражаттары башкармалыгынын эксперттик бөлүмүнүн начальниги Медина Ашыралиева.