
Бишкекте «таш» черепахалар пайда болду
Муниципалдык «Бишкекзеленхоз» ишканасынын кызматкерлери МАФтарды — шаардык көчөлөрдүн жалпы ландшафттык көрүнүшүн кооздоп, толуктоого арналган кичи архитектуралык формаларды орнотууга киришишти.
Бул буюмдар габиондордон жасалган кичинекей черепахалардын формасында, алардын саны 20 чамасында болот. Кийинчерээк габиондордун айланасында жаркыраган гүл композициялары пайда болот. Черепахаларды даярдоого жана орнотууга борбордун бюджетинен бир сом да коротулган жок. Алардын даярдыгына керектелген таштар дарыя таштары болуп, шаардык кызматкерлер тарабынан атайын жыйналган.
Габион — бул таштар менен толтурулган цинктелген темир тор. Көбүнчө, бул конструкциялар кутуча түрүндө кездешет, башкача айтканда, тордон түзүлүп, түз бурчтуу дубалдары бар куту пайда болот. Бул конструкциялар ландшафттык дизайнда кеңири колдонулат жана абдан кызыктуу жана оригиналдуу көрүнөт.