Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / С.Жапаров инвесторлорду Кыргызстанга чакырат

С.Жапаров инвесторлорду Кыргызстанга чакырат

С.Жапаров япон инвесторлорду Кыргызстанга чакырат

С.Жапаров япон компаниясы Japan DXти Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды


Кыргыз Республикасының президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, япон компаниясы «Japan DX»нын аткаруучу төрагасы Соджи Сузукини кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, минералдык ресурстарды казып алуу жана жер пайдалануусунда инвестициялык кызматташтык мүмкүнчүлүгү талкууланган.

Кыргызстан минералдык ресурстарга бай өлкө болуп саналат жана кен казуу тармагында дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн инвесторлор иштешет, деди С.Жапаров.

«Кен казуу өнөр жайына инвестиция тартуу — Кыргызстан үчүн негизги маселелердин бири, ошондуктан өлкөнүн жетекчилигинде так позиция бар: инвесторлордун ишине тоскоолдук кылгандар жоопко тартылат, ал эми инвесторлордун укуктары жана менчиктери максималдуу түрдө корголот.

Ошондой эле, пайдалы казындыларды казып алуу учурунда технологиялык иштеп чыгууларды колдонуу менен толук коопсуздукту камсыз кылуу маанилүү», - деди С.Жапаров.

Президент ошондой эле бүгүн Кыргызстан санариптештирүүгө чоң маани берип жатканын, калкка жеткиликтүү жана сапаттуу кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл шарттарды түзүүнү максат кылып жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары, президент билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарба, электрондук соода жана жогорку технологиялар тармактарын санариптештирүү боюнча санариптик компетенцияны жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтты. Бул багытта ал Япония менен ар кандай чөйрөлөрдө тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин, заманбап технологияларды колдонууда анын алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүүгө даяр экенин билдирди.

Өз тараптан Japan DXтин аткаруучу төрагасы Соджи Сузуки санариптик технологияларды өнүктүрүү Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр үчүн абдан маанилүү экенин айтты.

Анын айтымында, пайдалы казындыларды казып алуу учурунда башкарууда эң жаңы системаларды, тактап айтканда «акылдуу жер пайдалануусун» киргизүү башкаруу процессин кыйла оптималдаштырууга жана өндүрүштүк чыгымдарды азайтууга, ошондой эле контролду күчөтүүгө мүмкүндүк берет.

С.Сузуки инвесторлор үчүн абдан маанилүү критерий болгон жасалма интеллект, блокчейн жана киберкоопсуздук элементтерин колдонуу зарылдыгын белгиледи.

Ал компаниянын башка өлкөлөрдө ушундай долбоорлорду ишке ашырууда чоң тажрыйбасы бар экенин айтып, Кыргыз Республикасына бул багытта жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун аягында С.Жапаров С.Сузукиге башка долбоорлорго да инвестиция салууну сунуштап, Кыргызстандын эшиги инвесторлор үчүн дайыма ачык экенин айтты.
15-03-2021, 14:28
Вернуться назад