Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Максат Чакиев: Туризм бизнесинин өкүлдөрү Кыргызстанга 35 млн сом тартты

Максат Чакиев: Туризм бизнесинин өкүлдөрү Кыргызстанга 35 млн сом тартты

Максат Чакиев: Туризм бизнесинин өкүлдөрү Кыргызстанга 35 млн сом тартты


Туризм департаментинин жетекчиси жергиликтүү бизнесмендердин эл аралык жарманкелердеги катышуусунун жыйынтыктары тууралуу айтып берди.
Жергиликтүү туристтик бизнес өкүлдөрү 4 эл аралык туристтик жарманкеге катышты. Бул тууралуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Чакиев билдирди.
Көргөзмөлөр Москва, Екатеринбург, Новосибирск жана Алматыда өттү. Департаменттин жетекчисинин айтымында, жергиликтүү бизнесмендер туристтик тармакта чет өлкөлүк туристтик компаниялар менен 300дөн ашык келишим түзүштү.
«Бул чет өлкөдө биздин туристтик бизнес өкүлдөрү биздин өлкөгө 35 млн сомдон ашык каражат тартканын билдирет. Биз бул жакшы жыйынтык деп эсептейбиз. Бирок, биз алыс чет өлкөлөрдүн жарманкелерине катышууну пландап жатабыз. Күзүндө Кыргызстанды Лондондо жана Сингапурда көрсөтүүнү пландап жатабыз. Бул дүйнө жүзүндө туристтерди тарткан эң активдүү эки пункт», — деди Максат Чакиев.
25-05-2014, 16:14
Вернуться назад