Агроөнөр жай жана су чарба министрлиги Кореяга Кыргызстандан фасоль импорттоону сунуштады. Бул тууралуу 2014-жылдын 30-июлунда министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Министр Таалайбек Айдаралиев Кореянын FIT ассоциациясынын директору Ким Сок Донг менен жана бизнесмендер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандан Кореяга айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча маселелер талкууланды, айрыкча бизнесмендер кыргыз фасолуна кызыгышты. Алар Кореяда фасолдун килограммы 6 доллар турганын жана бул өсүмдүктү өстүрүү менен аз адамдар алектенерин билдиришти.
Өз кезегинде Т. Айдаралиев кореялык тарапка жыл сайын 80 миң тонна фасоль экспорттоо боюнча килограммы 3 доллардан келишим түзүүнү сунуштады. Бизнесмендер 2014-жылдын сентябрына чейин так жооп берүүгө убада беришти.