
Кыргызстан 144 өлкөнүн арасында ички валюта продукциясынын көлөмү боюнча 128-орунду ээлеп, $7,2 миллиардды түздү (2013-жыл үчүн). Бул тууралуу Дүйнөлүк экономикалык форум тарабынан даярдалган экономиканын атаандаштык отчетунда (Global Competitiveness Index 2014-2015) айтылат.
Россия рейтингде 8-орунду ээлеп, ВВПсы $2 трлн 118 млрд. түздү.
Казакстан 46-орунду ээлеп, ВВПсы $220,3 млрд. болду. Украина — 56-орун, ВВПсы $177,8 млрд.
Рейтингде биринчи жолу Тажикстан пайда болуп, 124-орунду ээлеп, $8,5 млрд. түздү.
ВВПсы эң жогору болгон он өлкөнүн катарына Россиядан тышкары: АКШ — 1-орун ($16 трлн 799,7 млрд), Кытай — 2-орун ($9 трлн 181,4 млрд), Япония — 3-орун ($4 трлн 901,5 млрд), Германия — 4-орун ($3 трлн 636 млрд), Франция — 5-орун ($2 трлн 737,4 млрд), Улуу Британия — 6-орун ($2 трлн 535,8 млрд), Бразилия — 7-орун ($2 трлн 242,9 млрд), Италия — 9-орун ($2 трлн 72 млрд), Индия — 10-орун ($1 трлн 870,7 млрд).
ВВПсы эң төмөн болгон өлкөлөрдүн акыркы үчтүгүнө: Кабо-Верде — 142-орун ($1,9 млрд), Сейшел аралдары — 143-орун ($1,4 млрд) жана Гамбия — 144-орун ($900 млн) кирди.
2013-2014-жылдардагы рейтингде 148 өлкөнүн арасында Кыргызстан 131-орунду ээлеп, ВВПсы $6,5 млрд. болду.
Россия дагы 8-орунду ээлеп, ВВПсы $2 трлн 22 млрд, Казакстан — 50-орун, ВВПсы $196,4 млрд, Украина — 53-орун, ВВПсы $176,2 млрд.
Global Competitiveness Index 2014-2015 рейтинги:

Эзме: tazabek.kg