Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Жакшы башкарууну илгерилетүү социалдык адилеттүүлүккө жетишүү үчүн

Жакшы башкарууну илгерилетүү социалдык адилеттүүлүккө жетишүү үчүн

Жакшы башкарууну илгерилетүү жана социалдык адилеттүүлүккө жетишүү


«Жакшы башкарууну илгерилетүү жана социалдык адилеттүүлүккө жетишүү» долбоорунун алкагында 2014-жылдын 21-майында Чүй облусунун Чүй районундагы Онбиржылгин айылдык администрациясында тренинг өткөрүлдү, ал эми 23-майда Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Суу айылдык администрациясында тренинг өткөрүлдү. Тренингдин катышуучулары айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, МИГ мүчөлөрү, ИРГДУ мүчөлөрү жана айылдын активисттери болду. Тренингдин максаты муниципалдык кызматкерлерди жакшы башкаруу жана социалдык адилеттүүлүк боюнча ыкмаларды үйрөтүү жана тааныштыруу, жергиликтүү деңгээлде башкаруунун сапатын жогорулатуу, калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттешүүнү жакшыртуу, жана уязвимдүү топтордун абалын жакшыртуу. Ошондой эле тренингдин тапшырмалары болгон:

1) Жакшы башкаруунун принциптери жана социалдык адилеттүүлүк менен теориялык тааныштыруу;
2) «Жакшы башкаруунун принциптери жана социалдык адилеттүүлүк» түшүнүгүн кичине топтордо иштөө аркылуу бекемдөө;
3) Жакшы башкарууну камсыздоо механизмдери менен теориялык жана практикалык тааныштыруу.
30-05-2014, 18:49
Вернуться назад