
Бүгүн, 2015-жылдын 9-майында, Москва шаарында жумушчу сапар менен Кыргыз Республикасының Президенти Алмазбек Атамбаев башка мамлекеттердин башчылары менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган парадка катышты.
Парад аяктагандан кийин мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары Александр бакчасынын Жашыруун солдаттын мүрзөсүнө гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесин бир мүнөт үнсүз туруу менен эскеришти.