Мамлекеттик Улуттук орус драма театрынын алдында «Рок – бул биз» аттуу экинчи эл аралык фестиваль өттү. Рок багытындагы иш-чаралар мындай форматта көп кездешпейт. Концерттин биринчи бөлүгү жергиликтүү роктун легендаларынан башталды, ал эми иш-чаранын экинчи бөлүгүндө жаш аткаруучулардын арасында конкурс өткөрүлдү. Концерт кечки убакытка чейин уланды, жана саат сайын залда көрүүчүлөрдүн саны көбөйдү.
Аткаруучулар сахнага чыкканга чейин уникалдуу архивдик сүрөттөрдөн слайд-шоу көрсөтүлдү. Фестивалды легендарлуу «Аура» тобу ачып, андан кийин «Vesta» жана ED Miles топторунун музыканттары өзүнүн мыкты композицияларын аткарышты, залда отургандарды Денис Колючий жана Эркин Салиев кубандырды. Музыканттар чыныгы профессионализмди көрсөтүп, көрүүчүлөрдү алыскы убакытка алып кетишти, ал кезде бул композициялар сахнада биринчи жолу аткарылган.
- Биздин фестивал кайрымдуулук акциясы менен байланышкан, антрактта «Help the children-SKD» фондунун лотереясын өткөрөбүз. Биздин фестивал 60-80-жылдардагы рокерлер менен 2000-жылдардагы рокерлердин ортосундагы байланыштуу жип. Биз жаш артисттердин мурунку муундарынан кабардар болушун каалайбыз, алар мурда ойногон, кыям, алардын кээ бири азыркыга чейин жашап калган. Биздин девиз - «Кыргызстандыктар үчүн маданий мурас, кыргызстандыктардын колунда». Бардыгында мааниси болушу керек, биздин биринчи бөлүм - академиялык, экинчиси - 11 команда катышкан конкурс программасы. Биз көрүүчүлөр үчүн сюрприздерди даярдадык, Лондондон келген коноктор мыкты композицияларды аткарат, - деди фестивалдын уюштуруучусу Владимир Фесик.
Бардык топтордун чыгышы көрүүчүлөр тарабынан чоң кубаныч менен кабыл алынды, анткени мыкты композицияларды жандуу угуу көп кездешпейт. Уюштуруучулар белгилегендей, бул фестивал жыл сайын өткөрүлүп, мүмкүн, жылына эки жолу: жазда жана күздө өткөрүлөт.