Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Бишкекте жаңы троллейбус маршруттары ачылды

Бишкекте жаңы троллейбус маршруттары ачылды

Бишкекте жаңы троллейбус маршруттары ачылды

Бишкек шаарында №2 жана №3 жаңы троллейбус маршруттары ачылды.


Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.

№2 маршрутта 11 троллейбус Аламедин базары – эт комбинаты маршруту боюнча жүрөт. Маршрут Аламедин базарынын жанынан башталып, Жибек Жолу проспектиси аркылуу өтүп, Шопокова көчөсүнө көтөрүлөт. Бирок транспорт Абдрахманова (мурунку Советская) аркылуу кайтып келет. Мэрияда аларды күтүүгө 10 мүнөттөн ашпайт деп убада беришти.
Бишкекте жаңы троллейбус маршруттары ачылды

№3 маршрутта 15 троллейбус микрорайон «Джал» – Жер чарбасы институту маршруту боюнча чыгат. Маршруттун узундугу — 42 километр. Күтүү убактысы — 10 мүнөт.
Бишкекте жаңы троллейбус маршруттары ачылды

Жолдорду реконструкциялоо менен байланыштуу, убактылуу №5, 9 жана 14 троллейбус маршруттары жабылды.

№7 жана 8 троллейбус маршруттарынын кыймыл схемалары жарым-жартылай өзгөртүлдү.

Троллейбус №7. Маршруттун узундугу — 40,6 километр, 13 троллейбус жүрөт. Күтүү убактысы — 11 мүнөт.
Бишкекте жаңы троллейбус маршруттары ачылды

Троллейбус №8. Троллейбус №2 сыяктуу эле, Абдрахманова аркылуу Жибек Жолу боюнча түшүп, кайра Шопокова аркылуу жүрөт. Маршруттун узундугу — 27 километр. Линиядагы троллейбустардын саны — 13, күтүү убактысы — 9 мүнөттөн ашпайт.
Бишкекте жаңы троллейбус маршруттары ачылды

12-04-2018, 19:47
Вернуться назад