«Бессмертный полк – Кыргызстан» - 9-майга даярдык толук
Кыргызстанда биринчи жолу «Бессмертный полк» жүрүшү 2013-жылы Ош шаарында өттү. Православ мектептин окуучулары 9-майда түштүк борбордун көчөлөрүндө ардагер ата-энелеринин портреттери менен жүрүштү. Балдардын катышуусундагы эстелик жүрүшү жергиликтүү маалымат каражаттарынын борбордук жаңылыгы болду. Ал эми кийинки жылы Ош шаардык бийлиги элдик демилгени колдоду: шаардыктар үчүн мемориалдык жүрүш жогорку деңгээлде өтүп, жыл сайын өткөрүлө турган болду.
Бишкекте бул акция 2015-жылы гана чыныгы элдик жана көпчүлүктүү болуп калды. Бирок биринчи жүрүшү «Бессмертный полк» - бул күнү мүмкүн болгон эң мыкты иш-чара экенин ишенимдүү көрсөттү. Биринчи эстелик жүрүшүнө болжол менен 3 миң бишкектик катышса, кийинки жылы – беш эсе көп болду!
БИШКЕК
9-майда саат 9:00дө шаардагы Түштүк дарбазасында, Жеңиш паркынын каршы жагында чогулуш. Колонналардын кыймылы саат 10:00дө башталат.
Жол картасы: Жеңиш паркынан Байтик Баатыр көчөсү аркылуу Абдрахманов көчөсүнө чейин 6,6 чакырым. Фрунзе көчөсүндө оңго бурулуп, Жеңиш аянтына чейин жүрүш. Мүнөттүк үнсүздүктөн кийин бардык каалагандар катыша турган концерт өтөт.
ОШ
9-майда саат 9:00дө борбордук аянтта чогулуш. Жол картасы такталууда.
НАРЫН
9-майда саат 9:00дө «Жениш–70» скверинде чогулуш. Жол картасы такталууда.
ИВАНОВКА айылында
9-майда саат 8:00дө Ивановка орто мектебинин жанында чогулуш. Жол картасы такталууда.
ЖАНЫ–ЖЕР айылында
9-майда саат 8:00дө Жаны–Жер орто мектебинин аянтчасында чогулуш. Жол картасы такталууда.
НИЖНИЙ ЧУЙСК айылында
9-майда саат 8:00дө айыл мектебинин жанында чогулуш. Жол картасы такталууда.
КАЗАРМАН айылында,
Тогуз–Тороу районунда
9-майда саат 9:00дө аскер комиссариатынын имаратынын жанында чогулуш. Жол картасы: аскер комиссариаты — борбордук парк — 1941-1945-жылдары курман болгондорго арналган эстелик.