Кичи Памирдеги кыргыздардын жаңы башчысы 44 жашта, аты Ажыбуту Абдилгани уулу.
Афганистанда кыргыздар жаңы ханды шайлашты, деп билдирди азыр Нарын шаарында жашаган памирдик кыргыз Абдыбаит Жээнбек уулу.
Буга чейин кичи Памирдеги кыргыздардын башчысы Эрали хан 13-июлда узакка созулган оору менен каза болду. Анда анын уулу Жээнбайды хан кылуу пландалып жатканы айтылган.
«Башчы болушу керек адам, ал келген расмий адамдарды тосуп ала алат, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алат, конокжай жана элге кам көрө алган адам. Азыр көпчүлүк Ажыбутунун кандидатурасын колдоп жатат», – деди аймактын тургуну Абдулвахит Жээнбек уулу.
«24-июлда Вахан районунун акими жыйын өткөрдү. Ажыбуту хан болуп шайланды, анын жардамчысы Абдилхак болду. Ажыбуту алапа уруусунан. Мага шайлоо тууралуу Кичи Памирдеги туугандарым айтып беришти», — деди Жээнбек уулу.
Жаңы ханда 5 уул жана 1 кыз бар, деп кошумчалады Жээнбек уулу.
Кичи Памирдеги кыргыздардын башчысы Эрали-хан узак убакыт ооруп, Тажикстандагы ооруканадан дарыланды.

Хан Эраалы памирдик кыргыздардын 400дөн ашык үй-бүлөсүнө 5 жылдан ашык убакыт башкарды. 15-июлда 68 жашында каза болгону тууралуу маалымат берилди.
Мурда Эрали-хандын каза болушу тууралуу социалдык тармактарда журналист Жаныл Жусупжан памирдик кыргыздарга шилтеме берип жазган.