Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Кыргызстан Эбола вирусу чалдыккан өлкөлөргө сапарлар боюнча эскертүү берди

Кыргызстан Эбола вирусу чалдыккан өлкөлөргө сапарлар боюнча эскертүү берди

Кыргызстан Эбола вирусу менен жабыркаган өлкөлөргө сапарлар боюнча эскертүү берди


Жума күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги туристтерге сунуштарды жарыялады, анда өз жарандарын Эбола вирусунун жайылып жаткан Батыш Африка өлкөлөрүнө барбоо боюнча эскертүү берди, деп маалымдады «Xinhua» маалымат агенттиги.

Либерия жана башка африкалык өлкөлөргө барууну пландаштырган адамдарга өлкөнүн тышкы саясат органы бардык санитардык нормаларды сактоону жана жергиликтүү калк менен байланыштарды минималдаштырууну сунуштады.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму март айынан бери Гвинеяда, Либерияда, Нигерияда жана Сьерра-Леонеде Эбола вирусу менен жалпы 1711 адам инфекцияланганын, ошондой эле вирус себептүү 932 адамдын каза болгонун маалымдады.

Либерия жана Сьерра-Леоненин үлүшүнө 60% дан ашык өлүм учурлары туура келет.

Оригинал макала англис тилинде: «Bernama»,
2014-жылдын 12-августу,
Перевод – «InoZpress.kg»
12-08-2014, 14:05
Вернуться назад