«Ала-Тоо» аянтындагы кыймыл Эгемендүүлүк күнүнө карата чектелет, деп билдирди Бишкек мэриясынын коомчулук менен байланыш башкармалыгы.
Анын маалыматына ылайык, 28-30-августта саат 17:00дөн 19:00гө чейин Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө даярдык репетициялары өтөт, ошондуктан Эркиндик бульвары менен Панфилов көчөсүнүн ортосундагы жолдордо кыймыл чектелет.