Чолпон-Ата, 10-сентябрь /Аман Алымбеков - Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары - Кыргызстандагы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөдөн кийинки экинчи маанилүү окуя. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинин кабарчысына эрежесиз мушташ жана валетудо федерациясынын президенти Эмил Токтогонов билдирди.
Анын айтымында, мындай иш-чараларга ар дайым ар түрдүү өлкөлөрдөн балбандар же батырлар чакырылат. «Булардын бардыгы улуттук рухту бекемдеп, биримдик жана ынтымак үчүн стимул берет», - деп белгиледи ал.
Федерациянын президентинин маалыматына ылайык, кыргызстандык спортчулар көчмөндөр оюндарына жакшы даярданышкан. Тренингдер жана жыйындар сапаттуу өттү. «Кыргызстандын курамасы оюндары жакшы жыйынтык көрсөтөт деп үмүттөнөм», - деди Э.Токтогонов.
Ал кошумчалады, бул оюндары боюнча Кыргызстан үчүн негизги атаандаштар дагы эле Казакстандык спортчулар болуп саналат. «Уюштуруучулардын даярдык деңгээлин өзгөчө белгилеп өтүү керек: баары бир командадай иштешет. Бул Кыргызстан келечекте да ири спорттук иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин көрсөтөт», - деп жыйынтыктады ал.