Чет өлкөдө парламенттик шайлоодо 25 миңден ашык кыргызстандык добуш берди
Сырткы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, чет өлкөдөгү шайлоо участкаларында добуш берүү дээрлик толугу менен аяктады. 1-декабрь күнү, 00:00 учурда, Кыргыз Республикасынын 25 458 жараны шайлоого катышты.