
Кожомкул атындагы Спорт сарайында 19-мартта XIII Эл аралык фестивал «Тил жана маданият» өттү.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Спорт сарайынын аймагында 6 юрт курулган.
Иш-чаранын коноктору кыргыздардын улуттук ашканасы, улуттук кийимдери жана салттары менен таанышышты. Ар бир элдин өзгөчөлүктөрү боюнча көрсөтүүлөр уюштурулду.
Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин вице-спикери Торобай Зулпукаров, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов катышты.
Фестиваль кыргыз-түрк лицейи «Себат», Билим берүү министрлиги, Маданият министрлиги, Кыргызстандын президентинин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясы жана шаардык мэрия тарабынан уюштурулган.
Источник: culture.akipress.org