Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Биометрикалык база жарандарга мамлекеттик органдарга кайрылбай эле керектүү маалымкаттарды алууга мүмкүнчүлүк берет

Биометрикалык база жарандарга мамлекеттик органдарга кайрылбай эле керектүү маалымкаттарды алууга мүмкүнчүлүк берет

Биометриялык база жарандарга мамлекеттик органдарга кайрылбай эле керектүү маалымкаттарды алууга мүмкүнчүлүк берет


26-март, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев «Элди каттоо, маалыматтарды коргоо жана жеке жашоого укук: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» темасындагы конференцияга катышты.

Сарпашевдин айтымында, учурда Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоонун бирдиктүү автоматташтырылган системасы – Бирдиктүү мамлекеттик реестр (ЕГРН) түзүлүүдө, бул мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн бардык категориядагы жарандардын жеке маалыматтары тууралуу маалыматтын жалгыз расмий булагы болуп саналат.

Элдин реестри Кыргызстандагы жарандар тууралуу маалыматтарды жыйноо, сактоо, жаңыртуу жана талдоо үчүн арналган. Реестрди түзүү жана толук функционалдык иштеши, ошондой эле ЕГРН түзүү алкагында башталган биометриялык жана жеке маалыматтарды жыйноо боюнча улуттук кампания жарандарга мамлекеттик кызматтарды алууда ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарсыз кайрылууга мүмкүндүк берет.

«Биометриялык маалыматтар базасынын жардамы менен 2016-жылдын экинчи жарымында көчөлөрдө «Инфоматтар» пайда болот — бул банкоматтарга окшош, колдун изин сканердеген жабдык. «Инфоматтын» жардамы менен жарандар керектүү маалымкаттарды кошумча тоскоолдуктарсыз алууга мүмкүнчүлүк алышат, үчүн колдун изин сканерлеп, электрондук карточканы толтуруу керек болот. Мындай кызмат шаардык жашоонун ыңгайлуулугун жогорулатат жана жарандарга убакытты кыйла үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү күндө маалымкат алуу үчүн, эң жакшы жагдайда 2-3 саат кезекте күтүүгө туура келет», – деди Сарпашев.

Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр ЕГРНды ишке ашыруу маанилүү экономикалык натыйжа берет жана мамлекеттик маанидеги документтер менен алдамчылык учурларын аныктоо аркылуу, ошондой эле ката же атайылап мыйзамсыз социалдык төлөмдөрдүн санын кыскартуу аркылуу жыл сайын миллиондогон сомду үнөмдөөгө мүмкүндүк берет деп белгиледи.

Сөзүн жыйынтыктап, Сарпашев жакынкы келечекте жарандар күнүмдүк жашоосундагы жаңылыктардан ыңгайлуулуктарды сезе баштайт деп белгиледи.


Маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппараты
27-03-2015, 02:34
Вернуться назад