Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Бишкек шаарындагы эң мыкты баштапкы деңгээлдеги ден соолук уюмдары сыйлыктар жана жабдуулар алышты

Бишкек шаарындагы эң мыкты баштапкы деңгээлдеги ден соолук уюмдары сыйлыктар жана жабдуулар алышты

Бишкек шаарындагы биринчи деңгээлдеги ден соолук уюмдары сыйлыктар жана жабдуулар алышты


2015-жылдын 1-апрелинде Бишкек шаарындагы «City hotel» мейманканасында Кыргыз Республикасында туберкулёзга каршы күрөшүү айлыгынын аякташын белгилөө үчүн Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилери, Улуттук фтизиатрия борборунун адистери, борбордун туберкулёзга каршы кызматкерлер жана эл аралык өнөктөштөр катышкан жыйын өттү. Жыйында Туберкулёзга каршы күрөшүү боюнча Дүйнөлүк ден соолук уюмунун акыркы сунуштары, ошондой эле Кыргызстандын Улуттук ТБ программасынын жетишкендиктери сунушталды.
Иш-чарага Бишкек шаардык мэриясынын жана Ден соолук департаментинин өкүлдөрү, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги USAID чакырылган.
Бул жыйында шаардык туберкулёзга каршы кызматтын мыкты адистери баалуу сыйлыктар менен сыйланса, Бишкек шаарындагы биринчи деңгээлдеги ден соолук уюмдарына медициналык инструменттер, медициналык максаттагы буюмдар жана азык-түлүк менен камсыздалган гуманитардык жүк тапшырылды. Анын жалпы суммасы 200 миң доллардан ашты, ал «Победим туберкулез» долбоору аркылуу «Resource and Policy Exchange» аркылуу жеткирилди.
USAIDдин «Победим туберкулез» долбоору 2014-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда башталып, туберкулёздун жүгүн азайтууга жана анын дарыга туруктуу формасынын өнүгүүсүн токтотууга, ошондой эле ТБ боюнча сапаттуу кызматтарга тең укуктуу жеткиликтүүлүктү камсыздоого багытталган.
3-04-2015, 10:31
Вернуться назад