Үч америкалык президенттин жубайлары белгилүү кыргызстандык сүрөтчү-ювелир Виктор Сырневдин брошолорун жана кольелорун кийип жүрүшөт.
«Маалыматтарымды уникалдуу зергерлик буюмдарга ээ болууну каалаган адамдардан алам, анткени бул ар дайым кайталанбай турган иштер, заказчынын жеке өзгөчөлүгүн эске алуу менен. Белгилүү адамдар үчүн да зергерлик буюмдар заказ берилет. Үч америкалык президенттин жубайлары менин зергерлик буюмдарымды, брошолорумду жана кольелорумду алышкан. Алар үчүн атайын заказ берилген», - деди сүрөтчү-ювелир.
Заказдар Хилари Клинтон, Лора Буш жана, албетте, Мишель Обама үчүн болгон, деп тактады устат.
«Быйыл Германиянын канцлери Ангела Меркельге да менин жумушум – брошо белекке берилди», - деп кошумчалады В. Сырнев.
Виктор Сырневдин автордук иштеринин арасында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге белек катары берилгендер да бар.
«Менин зергерлик буюмдарым орус элитасында да бар. Бир убакта менин зергерлик буюмдарым менен Канн кинофестивалында Людмила Гурченко болгон, биз жакшы тааныш болчубуз. Ал менин зергерлик буюмдарымды сатып алчу, мен ага бир нерселерди белек кылгам. Бизде ошондой жакшы адамдык мамилелер болгон», - деп белгилейт белгилүү кыргызстандык ювелир.
Азыр В. Сырнев 2016 жана 2017-жылдарда өтө турган эл аралык көргөзмөлөргө даярданып жатат.
«Алдыда бир нече көргөзмөлөр, темалар боюнча бир нече багыттар бар, зергерлик буюмдарга байланыштуу темалар бар. Азыр ушул боюнча иштеп жатам. Мындан тышкары «Гётенин поэзиясы» коллекциясы боюнча да иштеп жатам», - деп билдирди В. Сырнев.
Ювелир өлкөдөгү материалдарды сейрек колдонорун мойнуна алды. «Кээ бир таштарды колдонуп жатам, бирок бизде зергерлик буюмдар үчүн колдонууга жарактуу таштар анчалык көп эмес. Яшма бар эле, бирок бул материалдарды колдонуу үчүн алар сүрөтчүнүн колунда болушу керек. Мен тоолордон таштарды издеп, андан кийин аларды иштетүү үчүн устатты издей албайм. Бизде бул материалдар сатылган жер жок. Мен ар бир шаарда жана өлкөдө ошол сыяктуу устаканаларды дароо издейм. Менде 50 жыл бою жаткан таштар бар, алар өзүнүн максатын күтүп жатышат», - деп бөлүштү В. Сырнев.
Виктор Сырнев Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев президенттеринин нагруддук белгilerinin автору болуп саналат.
Источник:
kyrtag.kg