Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Топ-10 эң жогорку төлөнүүчү кесиптер Кыргызстанда

Топ-10 эң жогорку төлөнүүчү кесиптер Кыргызстанда

Кыргызстандагы эң жогорку төлөнүүчү кесиптердин Топ-10


Эң кирешелүү кесиптердин тизмесине бухгалтерлер, соода агенттери жана шеф-ашпоздор кирди. Ишке алуу боюнча эң ири ресурстардагы жумуш орундарын жарыялоо анализинин натыйжасында Кыргызстандагы эң кирешелүү кесиптердин рейтингин түзүүнү мүмкүн болду.

Кесиптер жана айлык акы (сом менен):

программисттер 30—120 миң;
финансисттер 30—90 миң;
бухгалтерлер 25—80 миң;
жылжымай турган мүлк боюнча адистер 21—91,5 миң;
топ-менеджерлер (директорлор, жетекчилер) 50—85 миң;
шеф-ашпоздор 40—75 миң;
сатуу менеджерлери 18—60 миң;
ар кандай профилдеги инженерлер 25—50 миң;
проект-менеджерлер 20—45 миң;
маркетологдор 18—50 миң.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2015-жылдын январь айынан май айына чейин кыргызстандыктардын орточо айлык акысы 12 миң 247 сомду түздү. Бул өткөн жылга караганда 7,5 пайызга көп.
Нацстаткомдун версиясы боюнча, эң жогорку айлык акылар финансылык тармактагы адистерге сунушталууда. Алар орточо 28 миң 514 сомго үмүттөнө алышат.
Экинчи орунда кирешелүү адистиктер рейтингинде программисттер турат. Ведомствонун маалыматы боюнча, IT-сферадагы кызматкерлер орточо 24 миң 718 сом табышы мүмкүн.

Лидерлердин үчтүгүн жылуулук, газ, буу, электр камсыздоо тармагындагы кызматкерлер жапты. Алардын орточо айлык акысы 21 миң 100 сомду түзөт.

Улуттук жумуш берүүчүлөр конфедерациясынын башкы катчысы Эльмира Дунганаева ички жумуш рыногундагы мындай тенденциялар тууралуу айтып берди.

"Программисттердин жана маркетологдордун эмгеги жогорку төлөнүүчү болуп калууда, анткени бул тармактагы адистер Кыргызстанда алтындын салмагы менен тең. СССРде механиктердин, биологдордун, инженерлердин талапкерлиги бизнес рыногунун өнүгүшү менен финансисттердин талапкерлиги менен алмашты. Азыр, компаниялар ОсОО статусун алган учурда, жогорку квалификациялуу бухгалтерлерди жалдоо зарылдыгы пайда болууда", — деди эксперт.

Ал ЕАЭБге кирүү Кыргызстандагы жумуш рыногундагы абалды начарлатышы жана баалуу кадрлардын жетишсиздигине алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

"ЕАЭБ экономикалык, IT жана техникалык адистер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат, жана кыргызстандык 25 миң сомдук айлык Россия же Казахстанда ошол эле ишти аткаруу үчүн эки-үч эсе көп табууга тоскоол боло албайт", — деди Дунганаева.
Нацстаткомдун маалыматы боюнча, 2015-жылдын башынан бери орточо айлык акылардын өсүү темптери кыйла жогорулаган. Курулушта — 18,4 пайыз, административдик жардамчы ишмердүүлүктө — 17,8 пайыз жана жылжымай турган мүлк операцияларында — 20,2 пайыз.



Булак: Sputnik Кыргызстан
22-08-2015, 00:21
Вернуться назад