15-апрелден тарта республика аймактарында КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын жаңы Концепциясын коомдук талкуулоо башталат.
Талкуу «Зордук-зомбулукка негизделген экстремизмди алдын алуу боюнча потенциалды күчөтүү» долбоорунун алкагында, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен өтүүдө.
Талкууга катышуучулар Кыргызстан коомунун социалдык-саясий жана экономикалык реалияларын, ошондой эле салттык, маданий жана психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мамлекеттик-конфессионалдык мамилелердин өзгөчө моделин түзүү боюнча сунуштарды беришет.