
Шаар боюнча жүрүүгө үч жүздөн ашык байкер келген. Мотолюбителердин жыйналуучу жери болгон «Перцы» мотохаусунда «темир аттар» үчүн орун жетпей, чоң колоннаны күтүп жатканда, алар көчөнүн башка тарабында да тизилип турушту. Акыры колонна жыйналды. Тартипти сактоо үчүн, быйыл, адаттагы мотоиерархиядан тышкары, сезондун акыркы жүрүшүн жаңы эрежелер боюнча өткөрүштү. Ар бир катышуучулар тобуна – мотодвижение ветерандарына, чет өлкөлүк конокторго, мотоклубдардын мүчөлөрүнө, эркин жүргүнчүлөргө жана мопедисттерге, анын ичинде бир нече квадроциклдерге да, ар кандай түстөгү лента берилди, жана алардын түсү боюнча колоннаны көзөмөлдөштү. КР ИИМдин ДПСинен тышкары, тартипти «маршалдар» - жашыл флюоресценттүү жилеттер кийген байкерлер, колонна боюнча жүрүп, «өзүнүн түсүнөн» чыкпаганын текшерип турушту. Түштүк магистралынан, Мира проспектинен жана шаар борборунан өтүп, мотоциклисттер Ала-Тоо аянтында токтоп, эс алып, шаардыктарга өз техникалары менен акысыз сүрөткө түшүүгө мүмкүнчүлүк беришти.
Андан кийин баары «Перцы» мотохаусуна кайтып, мотожылды жыйынтыкташты. Окуялардын саны боюнча ал жетишерлик жыш болду: көптөгөн чет өлкөлүк коноктор республикага келишти, «Мотоледи-2015» конкурсу жана мотоциклисттердин эскерүү күнү жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Ал эми 2015-жылдагы мотосезон ушунчалык кадыр-барктуу жыйынтыкталды: жергиликтүү топтордун концерттери, чыгыштар, бийлер жана отурушуулар менен.