
- Аялдар Форуму «Курак» төрт жылдан бери иштеп жатат, - деди ИА уюмдун өкүлү Айжан Чыныбаева. – Бул убакыт ичинде республика боюнча көптөгөн долбоорлорду ишке ашырдык. Эки жүздөн ашык аял-кесипкер өз каражаттары менен кыргызстандык аялдар үчүн бизнес ачууга же иши жаңы башталган аялдар үчүн мастер-класстарды уюштуруп жатышат. Мисалы, мен мейманкана-ресторан бизнесинин өкүлү катары кичи бизнес боюнча тренингдерди өткөрөм, хостелдерди же конок үйлөрдү кантип уюштуруу керектиги, ресторан кызмат көрсөтүү стандарттары, бул бизнесинин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берем. Ошондой эле бизде психологдор, юристтер, кол өнөрчүлүк чеберлери, дизайнерлер бар. Мындан тышкары, маданий иш-чараларды уюштурабыз. Жакында Бишкек жана Караколдо Кыргызстан менен Азербайжандын опера жылдыздарынын катышуусунда концерттер өттү.
30-октябрда Аялдар Форуму жаңы долбоорун – «KURAK Talks» сунуштады. Бул биринчи ачык сүйлөшүү болуп, ага чет өлкөдөн Кыргызстанга келген белгилүү жана кызыктуу адамдар катышты: мурдагы АУЦА президенти Элен Хервитц, аялдар лидерлиги жана ийгилик тууралуу китептердин автору Кэрол Хаятт, сүрөтчү, меценат жана ишкер Венди Волленберг, ошондой эле «Бронкстун жүздөрү жана үндөрү: он алты эрдик жана коомдук окуя» китебинин автору Эмита Хилл. Ардактуу коноктор ийгиликке жетишүү үчүн кандай аракеттерди көрүшкөнү тууралуу айтып беришти.
- Иш-чарага болжол менен жүз адам катышты. Сүйлөшүү интерактивдүү мастер-класстар түрүндө өттү, көптөгөн суроолор болду, - деди Айжан Чыныбаева. – Ошондой эле ушул кечеде биз өзүнүн ийгиликтүү долбоорубузду сунуштадык – Кыргызстандагы аял-кесипкерлер үчүн маалымат базасы. Ал жерге Кыргызстан боюнча 600дөн ашык аял кирди, бүгүнкү күндө алар СМС-жөнөтүү аркылуу юридикалык, экономикалык, салык жана башка керектүү маалыматтарды алышууда. Биз маалымат базасын кеңейтүүнү улантып жатабыз, адамдардын өз көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүнчүлүк берчү аянтча болушу үчүн.
Форумдун өкүлүнүн айтымында, «Курак» кечелери айына бир жолу өткөрүлөт. Аларга ар кандай жаштагы жана кесиптеги аялдар катыша алышат.
- Биз дайыма бул феминисттик форум эместигин баса белгилеп жатабыз. Аялдар аркылуу биз бүт мамлекетти колдойбуз. Аял – бул эне, аял, анын да үй-бүлөнүн материалдык камсыздоосуна чоң жоопкерчилиги бар. Эгер ал бизнес баштоону билбесе, туура эмес кредиттерди алат, туура эмес документтерге кол коёт жана акыры эч нерсеге ээ болбой калат. Биз мунун болбошун каалайбыз.