
- Коопсуздук жана логистика жагынан стадион үчүн бул орун туура эмес. Минимум алты чыгуу болушу керек, ал эми анда болгону эки. Шаар өстү, калк көбөйдү, азыркы коопсуздук талаптары башкача. Мен 40-45 миң көрүүчүсү бар жаңы футбол стадионунун курулушу үчүн орун издөөнү тапшыргам. Эгер бизге аны куруп берсе, анда биз «Спартак» жайгашкан жерди берүү маселесин карап чыгууга даярбыз. Ал жерде келечекте бизнес-центр курууга, мейманкана комплексин же бир нече бийик имараттарды курууга болот. Варианттар көп, аймак мүмкүнчүлүк берет. Эгер варианттар болсо, биз аларды карап чыгууга даярбыз. Инвесторлор менен акционердик коом түзүп, акция чыгарууга даярбыз, - деди премьер.
Ошондой эле Сариев өкмөт жергиликтүү компаниялар спортко көбүрөөк инвестиция салуусу үчүн ар кандай сунуштарды, мыйзамдарды өзгөртүүгө чейин талкуулоого даяр экенин кошумчалады.
Азырынча өкмөт башчы жаңы стадион куруу үчүн орун табылганын билдирди.
- Эки жылдын ичинде биз заманбап спорттук аренаны алышыбыз керек. Анда соода борбору, аквапарк жана башка көп нерселер болушу мүмкүн. Тандалган орун Түштүк магистралынан жогору бул үчүн эң ылайыктуу, - деп баса белгиледи Сариев.
«Дордой» ассоциациясынын жетекчиси Аскар САЛЫМБЕКОВ премьер-министрдин катышуусунда клубдук футболду өнүктүрүү боюнча жыйындын жүрүшүндө Д. Омурзаков атындагы стадиондун кичи аренасын бузуу да туура болорун билдирди.
- Кичи аренаны бузуу керек. Ал шаар борборунда артефакт болуп турат. Анын ордунда заманбап спорттук комплекс куруу керек. Бул ачык акционердик коомдун негизинде жасалса болот. Он-пятнадцать адам бир-эки миллион сомдон чогултса болот. Бардыгы утат, - деди ишкер.