
- Жаңы контейнерлер европалык стандарттар боюнча ысык цинктөө ыкмасы менен атайын техникалар үчүн арткы жүктөө типинде жасалган. Контейнерлердин болжолдуу пайдалануучу мөөнөтү 15 жылга жакын, - деп билдиришти борбордук мэриянын маалымат кызматы.
Катуу үй-бүлөлүк калдыктар үчүн контейнерлерди сатып алуу боюнча тендерди ОсОО «Азияавтоцентр» жана «РГ-техно» консорциуму жеңип алды. Кыргызстан борборуна 600 цинктелген жана 300 пластик контейнер (акыркысы борбордук мектептер үчүн) жеткирилди. Кийинки партиялар Бишкекке төрт айдын ичинде жетет. Жалпысынан 5 миң 326 ТБО чогултуучу контейнер жеткирилет. Мындан тышкары, курулуш таштандысы үчүн чоң контейнерлердин жеткирилиши күтүлүүдө.
Эскертсек, «Бишкек шаарындагы катуу калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорунун баасы 22 миллион евро: 11 миллион - гранттык каражат жана дагы ушунча - кредит. Долбоордун биринчи этапында ТБО үчүн контейнерлерден тышкары, 34 бирдик атайын техникаларды сатып алуу пландалууда. Экинчи этап эски шаардык таштанды жайын рекультивациялоого жана таштанды сорттоочу завод менен жаңы таштанды полигонун курууга багытталат.