
Лондон математикалык коомунда Кыргызстандын биринчи президенти, МГУнун профессору Акаевди нелинейдик динамика боюнча математикалык моделдерди иштеп чыгууда көрсөткөн мыкты эмгектери үчүн шайлашканын белгилешти. Нелинейдик динамика – бул нелинейдик динамикалык системалардын касиеттерин изилдеген междисциплинардык илим. Бул илим системаларды сүрөттөө үчүн дифференциалдык теңдемелер жана дискреттүү көрүнүштөр менен сүрөттөлгөн нелинейдик моделдерди колдонот. Ал туруктуулук теориясын, динамикалык хаос теориясын, интегралданган системалар теориясын ж.б. камтыйт.
Маалымат ИА:
Лондон математикалык коому – 1865-жылы негизделген Улуу Британиядагы алдыңкы математикалык коом. Бул коом биринчи кезекте актуалдуу математикалык маселелерди талкуулоо жана өзүнүн илимий журналын чыгаруу менен алектенет.