Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Кыргыз иллюзионисттери Францияны багынтты

Кыргыз иллюзионисттери Францияны багынтты

Кыргызстандык иллюзионисттер кайрадан өздөрүн көрсөтүштү. Радислав Сафин жана Ольга Крамер француздук мелдеште «Silk Road» номерин көрсөтүп, өз тармагында престиждүү сыйлык – «Робер-Уден трофейин» жеңип алышты.

Ар жылы бул сыйлык үчүн дүйнөнүн эң мыкты иллюзионисттеринин ондоосу күрөшөт. Кыргызстандыктар этникалык номердин жардамы менен атаандаштарынан жеңишти тартып алышты. «Silk Road» номеринде артисттер сахнада этникалык музыка астында 10 костюмду секунддар ичинде алмаштырып, от, чамбар, кездемелер менен манипуляция кылышат. Алгачкы презентациясы жылдын башында болуп, Сафин жана Крамер швейцариялык «Даңк минутасы» - Die grössten Schweizer Talente 2015 мелдешине катышып, бардык калыстардан максималдуу баа – төрт «ооба» алышты. Андан кийин иллюзионисттер «Трофей» үчүн күрөшүүгө чечим кабыл алышты, ал иллюзион тармагындагы эң престиждүү сыйлыктардан бири болуп саналат: ал «заманбап иллюзиондун атасы» деп аталган Жан Эжен Робер-Удендин ысымын алып жүрөт.

- Биздин аракеттерибиздин ушундай ийгиликтүү жыйынтыгы менен жылдын аягында бул биз үчүн абдан маанилүү окуя. Күчтүү атаандаштар жана калыстар арасында дүйнөнүн эң сыймыктуу жана авторитеттүү иллюзионисттери болду. Бизден көп нерсени билген адамдардын алдында чыгып, көрсөтүү кыйын болду! Биз сахнадан чыкпастан үзгүлтүксүз номер даярдоого аракет кылдык, жана бизге бул мүмкүн болду: номер 10 мүнөткө созулуп, 50 элементтен турат. «Silk Road» биз үчүн улуттук этникалык стилде эксклюзивдүү аткарылган деп эсептейбиз. Мен, жок дегенде, анын аналогдорун көргөн эмесмин, - деди Сафин пресс-конференцияда, жеңиш менен үйүнө кайтып келе жатып. – Бул трофейди алуу абдан толкундандырат: анткени Робер-Уден – дүйнөдөгү эң эски иллюзионисттердин бири, заманбап магиянын атасы деп аталат. Биз бул биздин акыркы сыйлыгыбыз болбойт деп үмүттөнөбүз!
Эскерте кетсек, кыргызстандыктар биринчи жолу «Робер-Уден трофейин» жеңип алышты.
27-11-2015, 09:36
Вернуться назад