Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Кыргыз делегациясы Париждеги климат конференциясынын уюштуруучуларынын өкүлү менен формалдуу эмес жолугушуу өткөрдү

Кыргыз делегациясы Париждеги климат конференциясынын уюштуруучуларынын өкүлү менен формалдуу эмес жолугушуу өткөрдү

Кыргызстандын делегациясы Париждеги климаттык конференциянын уюштуруучуларынын өкүлү менен формалдуу эмес жолугушуу өткөрдү
Париждеги климаттык конференциянын алкагында, Француз Республикасында 21-Конференциянын Тараптарынын даярдыгы боюнча ыйгарым укуктуу элчи Беренжер Кэнси Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын өкүлдөрү менен формалдуу эмес шартта жолугушту.

Алгач, Кэнси айым климатты сактоо идеясына берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди жана француз тарап Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин конференцияга келүүсүнө кубанычта экенин белгиледи.

Андан кийин, элчи Кэнси Кыргызстандын делегациясы конференцияда кандай негизги улуттук кызыкчылыктарды илгерилетип жатканын сурады. Ошондой эле кыргызстандыктардын пикири кандай экенин, Париждеги климаттык сүйлөшүүлөрдү канчалык ийгиликтүү деп эсептешерин кызыктырды.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана табигый ресурстар агенттигинин директору Сабир Атаджанов делегациянын мүчөлөрү талкууларга катышып жатканын белгилеп, Кыргызстандын позициясын өлкөнүн президенти өз сөзүндө билдиргенин айтты.
Сабир Атаджанов ошондой эле Беренжер Кэнси менен акыркы жолугушууда (элчи 2015-жылдын сентябрында Бишкекте расмий сапар менен болгон) климаттык максаттарды белгилөөдө калкка туура келген эмиссиялардын параметрлерин эске алуу жөнүндө сөз болгонун эске салды.

«Кыргызстандын эмиссиялары аз, бирок, биз алардын акырындык менен азайышы боюнча тапшырмаларды коюп жатабыз – адам башына 1,58 тонна СО2 чейин» - деди ГАООС ЛХнын директору. Ал айрым өлкөлөрдүн парник газдарын азайтуу боюнча пайыздык милдеттенмелери таң калыштуу экенин, бирок бул цифраларды адам башына эсептегенде, 10-15 тонна СО2 чыгарын белгиледи.

«Биздин өлкө конкреттүү адаптациялык аракеттерди өз алдынча кандайча жасай алаарыбызды жана сырттан кандай жардамга ишенет электигибизди эсептеди. Биз башка өлкөлөр үчүн да ушундай эсептөөлөр керек деп ойлойбуз, андыктан климаттык аракеттер үчүн кандай каражаттар керек экенин түшүнүү оңой болот» - деди С. Атаджанов.
Ошондой эле ГАООС ЛХнын директору Кыргызстан адилеттүүлүк принциптеринин аткарылышын күтүп жатканын жана өнүккөн өлкөлөр өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жашыл технологияларды активдүү өткөрүп бериши керектигин баса белгиледи. «Биз дагы өнүгүшүбүз керек, бирок өнүгүү максаттарына жетүүнү биз сивер технологияларды эмес, жашыл технологияларды колдонуп каалайбыз» - деди ал.

Кыргыз Республикасындагы климаттын өзгөрүшү боюнча борбордун директору Зухра Абайханова «Биз Кыргызстандын узак мөөнөттүү улуттук климаттык аракеттердин траекториясын эсептөөгө үндөгөн үнү угулушун каалайбыз жана кылымдын ортосуна чейин максатка жетүүнү – 2 0С жогору эмес» - деп кошумчалады.

Кэнси айым да Европа Союзунун өлкөлөрү парник газдарын азайтуу боюнча 2 тонна адам башына эсептелген амбициялуу максаттарды коюп жатканын белгиледи. «Биз ошондой эле адам башына эсептөө климаттык аракеттерде көбүрөөк адилеттүүлүктү алып келерин мойнуна алабыз» - деди ал.

Андан кийин, элчи бүгүнкү күндө өнүккөн өлкөлөрдүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө технологияларды өткөрүп берүү, бул чын эле өнүгүү максаттарына жетүүгө жардам берет деген тапшырма турганын кошумчалады. Жана технологияларды өткөрүп берүүдө өнүккөн өлкөлөр жоопкерчиликтүү болушу абдан маанилүү, анткени өнүгүүгө жардам берип, ошол эле учурда өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өзүнө алган эмиссияларды азайтуу боюнча милдеттенмелерин аткаруусуна да көмөк көрсөтүшү керек.

Унутпайлы, Француз Республикасында 21-Конференциянын Тараптарынын даярдыгы боюнча ыйгарым укуктуу элчи Беренжер Кэнси сентябрь айынын аягында расмий сапар менен Кыргызстанга келген. Ал климаттын өзгөрүшү боюнча Координациялык комиссиянын жыйынына катышып, анда Кыргызстандын 2015-жылдагы БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча Рамочная конвенциясына (РКИК ООН) киргизилген болжолдонгон улуттук аныкталган салымы бекитилген.
«Франция Кыргызстандын салымына кызыгып жатат. Өзгөчө өлкөнүн климаттын өзгөрүшүн алдын алуу жана климаттык туруктуулукту күчөтүү боюнча узак мөөнөттүү аракеттердин траекториясын көрсөтүү каалоосу баалуу», — деген эле элчи.

Андан кийин, министрликтердин жана ведомстволордун, эксперттердин жана өнүктүрүү өнөктөштөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусундагы семинарда, Француз Республикасында 21-Конференциянын Тараптарынын даярдыгы боюнча ыйгарым укуктуу элчи Беренжер Кэнси: «Бүгүн эртең менен Кыргызстандын улуттук салымын кабыл алуу менен, Кыргызстан бул ишке кызыкдар экенин көрсөттү. Бул документти даярдоого катышкан адамдар өздөрүнүн жасаган иши менен сыймыктанууга тийиш. Мен аларга бул иш үчүн бардык Жер планетасынын балдарынын атынан ыраазычылык билдирем!» - деди.

Эздер: Кыргыз Республикасындагы климаттын өзгөрүшү боюнча борбор
8-12-2015, 13:33
Вернуться назад