
Бул долбоорлор 8-11-класстын окуучуларына арналган. Алар мектеп окуучуларына акысыз негизде сунушталат жана Нарын мамлекеттик университетинде өткөрүлөт. Нарындан келген жаштар төмөнкү багыттар боюнча интенсивдүү окуу курстарына катыша алышат: финансылык билим, тайм-менеджмент, оратордук искусство, бизнес-этикет, жашоо максаттары жана өзүн-өзү өнүктүрүү, психология, жеке өнүгүү стратегиясы.
– «Окуучуларды өнүктүрүү борборунун» интерактивдүү курстары ар бир адамга белгилүү методикалар жана көнүгүүлөр аркылуу практикалык жактан өз күчүн сезүүгө, сүйлөшүүнү жана өз оюн билдирүүнү үйрөнүүгө, коркуулардан жана комплекстерден кутулууга, терс таасирге туруштук берүүгө, ошондой эле чыныгы жашоодо өзүн коргоого мүмкүнчүлүк берет, – деп белгилешет «Прогрессивдик демилгелер фонду» пресс-кызматы.