Бишкекте «Saltanat Palace» ресторанында 29-февралда биринчи жылдык сыйлык – «Most Fashionable Awards 2015» жарым финалы өтөт. Шорт-лист кечеде коомдук раут форматыда жарыяланат.
«Эң модалуу сыйлык» – «World Beauty Congress» тарабынан ишке ашырылган жаңы долбоор, Евразия аймагындагы өлкөлөрдү бириктирип, кайсы соода маркалары, фирмалары, чоң, орто жана кичи жеке ишканалары, уюмдары, ошондой эле медиа – персону, дизайнерлер, визажисттер, артисттер жана чыгармачыл адамдар чындап эле популярдуу жана эл аралык деңгээлде таанылгандыгын аныктайт. Кыргызстанда ал республикадагы Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте ишке ашырылууда. Ар бир каалаган адам 50 номинацияда арыз бере алышты, бирок кийин 5 номинация кыскартылды. 2015-жылдын ноябрь айында сыйлыктын ачылыш аземи өтүп, анда бардык номинанттар жарыяланды, ал эми бир аз убакыттан кийин добуш берүү үчүн сайт ишке киргизилди, анда номинантка добуш берүүгө болот, ошондой эле ошол эле максатта Facebook жана Instagram баракчалары ачылды. Добуш берүү жыйынтыгы боюнча бардык добуштар жыйналат жана эл аралык калыстар тобунун пикири эске алынып, ар бир номинацияда эң мыкты жана «Эң модалуу» тандалат.
«Saltanat Palace»дагы иш-чара коомдук форматта өтөт, анда кызыл килем, фуршет, фотосессия каралган. Номинанттарды жарыялоо менен катар конокторду фуршет жана сахна жылдыздары, бийчилер, шоу топтору катышкан көңүл ачуу программасы күтөт, ошондой эле белгилүү бренддик дүкөндөрдөн жана жергиликтүү дизайнерлерден бир катар көрсөтүүлөр болот. Жүргүзүүчүлөр Айгуль Курманова жана Бакыт Байсариев болушат.
Кеченин башталышы - 18:00.
Билеттерди заказ берүү - телефон аркылуу: + 996 703 996 668, e-mail: [email protected].