
2016-жылдын 15-февралы Советтик аскерлердин Демократиялык Афганистан Республикасынан чыгарылганына 27 жыл толот. Бул согуш он жылга созулуп, 15 миң советтик интернационалист аскердин өмүрүн алып кетти.
15-февраль – бул жигиттерди, алыс афган жеринде акыркы сааттарын өткөргөндөрдү, өз өмүрү менен аскердик милдетин аткаргандарды эскерүү күнү.
Бүгүн, Кант шаарындагы № 3 гимназияда Афган согушунун баатыры Алексей Сергеевич Беловдун мемориалдык тактасы ачылды, ал бул мектепте билим алып, 1982-жылдын 21-июнунда жоокердик кармашта каза болгон.
Иш-чарага шаардык администрациянын өкүлдөрү, коомчулук, мектеп окуучулары, Афган согушунун ардагерлери жана Россиянын ОДКБ «Кант» авиабазасынын аскер кызматкерлери катышты.
Мемориалдык тактанын ачылышынан кийин мектепте реквием концерти өттү.