
Анын маалыматына ылайык, Google бир нече жылдык иштен кийин, акыры кыргыз тилин онлайн котормо кызматтарына расмий түрдө кошту. Саданбеков Кыргызстан үчүн бул чыныгы жетишкендик экенин белгиледи.
– Кыргыз тилин кошуу тууралуу билдирүү 17-февралда келди. Расмий блогдо маалымат 18-февралда пайда болду. Бул кыргыз тили үчүн чоң жетишкендик, – деди Чоробек Саданбеков. – Google Translate'те кыргыз тилин киргизүү боюнча 700дөн ашык волонтер иштеди. Бул адамдардын бири-бирине жардам берип, жалпы ишти өз алдынча илгерилетүү мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп турат. Азыр да контентти жакшыртуу мүмкүн. Колдонуучулар жаңы варианттарды өз алдынча кошо алышат, ошентип кыргыз сөздөрүнүн котормосунун сапаты жана саны жакшыртылат.
Эскерте кетсек, кыргыз тилин Google котормо кызматтарына интеграциялоо иши 2004-жылы башталган. Бирок мамлекеттик деңгээлде бул иш 2013-жылы гана колдоо тапты. Кыргыз тилин Google Translate'ке кошуу үчүн 1,3 миллион сөздү камтыган тезаурус жыйноо керек болчу.