
Жогорку конокторду авиациялык базанын убактылуу командири, подполковник Александр Яковлев, башкаруу офицерлери жана бөлүм командирлери жылуу тосуп алышты.
Келген кызматкерлер авиациялык базанын аскер кызматкерлеринин жашоосу жана турмушу менен таанышып, жашаган шаарчаны жана мектепти кыдырышты, анда сабактарга катышып, окуучуларга насаат сөздөрүн айтышты, ошондой эле аскер базасынын башка инфраструктура объектилери менен таанышышты.
Делегациянын өкүлдөрү авиациялык базанын аскер кызматкерлеринин жоокердик даярдыгынын жогорку деңгээлин жана алардын жоокердик окутуу графигинин тыгыздыгын, ошондой эле алардын жашоосу жана турмушунун үлгүлүү уюштурулушун жогору баалашты.