
«Таза коом» программасынын презентациясы
«Ала Арча» мамлекеттик резиденциясында 12-апрелде «Таза коом» программасынын презентациясы учурунда атайын жөө адамдар өтүүчү жери тууралуу айтылды.
Презентацияда көп тилкелүү жолдордо жөө адамдарды өткөрүү үчүн биринчи тилкедеги айдоочулар токтоп, экинчи жана үчүнчү тилкедеги транспорт унааларынын кыймылын уланта бергени үчүн ЖТП (жол-транспорт кырсыктары) көп болуп жаткандыгы белгиленди.
«Жолдун үстүндөгү аркада бардык сигналдык жабдуулар: светофорлор, сигналдык билдирүүчүлөр ж.б. орнотулат. Башкаруу кнопкасына басылганда, бардык сигналдык жарыктар көк жана сары түстө күйөт. Сары жана көк түстөгү светодиоддук билдирүүчүлөр жөө адам кнопкага биринчи болуп басканда алмашып күйүп, жооп берет. Автоунаалар үчүн светофор жөө адам кнопкага басканда иштейт, ал эми горизонталдуу, бир тараптуу, үч түстүү светофор автоунаалар үчүн бардык кыймыл багыттарында жайгаштырылат ж.б.» - деп айтылды презентацияда.