Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Бүтүрүүчү мектеп кечелеринин убагында милиция күчөтүлгөн кызмат режимине өтөт

Бүтүрүүчү мектеп кечелеринин убагында милиция күчөтүлгөн кызмат режимине өтөт

Бүтүрүү кечелеринин убагында милиция кызматын күчөтүлгөн режимде жүргүзөт

Бишкекте коомдук тартипти 600 милиция кызматкери камсыздайт


Башкы шаардык ички иштер башкармалыгы ата-энелерди жана мыйзамдуу өкүлдөрдү балдары менен жүрүм-турум эрежелери жана бүтүрүү кечелеринде мыйзам бузууга жол бербөө боюнча алдын ала сүйлөшүүгө чакырат.
 
Шаардагы мектептерде жана гимназияларда бүтүрүү кечелерин өткөрүү учурунда Бишкек шаарынын Башкы ички иштер башкармалыгы коомдук тартиптин коопсуздугун камсыздоо максатында 600дөн ашык укук коргоо органдарынын кызматкерлерин тартат.

Ар бир мектеп, көңүл ачуучу борбор, парк жана адамдардын топтолгон жерлеринде кошумча мобилдик милиция патрулдары коюлат.

Башкы шаардык ички иштер башкармалыгы ата-энелерди жана мыйзамдуу өкүлдөрдү балдары менен жүрүм-турум эрежелери жана бүтүрүү кечелеринде мыйзам бузууга жол бербөө боюнча алдын ала сүйлөшүүгө чакырат.
Эгерде жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч туулса, дароо жакынкы милиция кызматкерине кайрылыңыз жана 102 номерине чалыңыз.
 
Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы
Сүрөт www

21-06-2019, 01:20
Вернуться назад