Күнөөкөр өзү милицияга келип, кылган ишин мойнуна алды
Чүй жана Манас проспекттеринин кесилишиндеги жабыркаган инсталляция кайрадан калыбына келтирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Шаардык муниципалдык ишкана «Тазалык» инсталляциянын декоративдик элементтерин мурдагы ордуна орнотту», - деп айтылат билдирүүдө.
2019-жылдын 9-июнунда болжол менен 23:20 чамасында белгисиз айдоочу аныкталбаган унаа менен Манас проспектиси боюнча түштүк тарапка кетип бара жатып, тоскоолдукка урунуп, жол кырсыгы болгон жерден кетип калган.
Натыйжада декоративдик тосмо жана жарык шарлары менен инсталляция жабыркаган. Сынган декоративдик элементтерди «Тазалык» МП кызматкерлери ишкананын базасына алып кетишти, ал эми бүгүн таң эрте эле оңдолду.

Автоунаа урунган күнөөкөр 21 жаштагы М.В. Honda CRV маркасындагы унааны башкарган. Ал Бишкек ШИИББге келип, унаасы айып туудуруп коюлду. Жоопкерчилик чарасы бардык процедуралардан кийин аныкталат.
«Кымбаттуу шаардыктар! Жолдордо этият болуңуздар, ПДДны сактаңыздар, жагымсыз окуялардан качуу үчүн», - деп шаардык мэрия бишкекчилерге кайрылууда.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы