
Караколдо К.Джантошев атындагы облустук драма театры 31-театралдык сезонду жапты. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев 12-майда Григорий Гориндин «Геростратты унутуу» пьесасынын коюлушун көрүп чыкты.
Спектаклде 11 актер катышкан. Режиссерлукту Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Орунгуль Кожомкулова жүргүздү, Геростраттын ролун эл артисти Алтынбек Шатенов, Клементина ролун Жылдыз Саитова ойноду.
Иш-чаранын чыгармачыл жамааты 17-майга чейин күн сайын белгилүү жазуучулардын жана драматургдардын пьесаларын көрсөтөт. 17-майда 31-театралдык сезонду жапканга арналган гала-концерт өтөт.