Бишкектин 2040-жылга чейинки өнүгүү моделинин долбоор-концепциясына ачык конкурс жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда, мэр Кубанычбек Кулматов Facebook баракчасында жазды.
"Башкы сыйлык - $70 миң. Конкурс Бишкек шаардык мэриясынын, түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитектуралар союзунун жана Кыргыз Республикасынын архитектуралар союзунун биргелешкен аракеттери менен уюштурулууда. Конкурска катышуучулардан биз шаарды куруу өнүгүүсү үчүн кызыктуу идеялар жана концепциялар күтүп жатабыз, алар маданий жана тарыхый мурастарды чагылдырат. Конкурстун жыйынтыгы менен Бишкек мэриясы катышуучулар менен сунушталган идеяларды жарым-жартылай же толук ишке ашыруу боюнча иштерин улантат. Ошентип, биз жаңы Бишкектин негизин кала алабыз", - деп жазат Кулматов.
Баш калаанын мэриясынын сайтында маалымдалгандай, конкурс түрк дүйнөсүнүн архитектура, инженерия жана шаар куруу боюнча 6-курлтайынын алкагында, курултайдын аткаруу комитетинин демилгеси, чечими жана Бишкек мэриясынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Конкурстун төмөнкү максаттары белгиленген:
• социалдык-экономикалык, тарыхый-мәдени, регионалдык жана ландшафттык-экологиялык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен шаарды куруу боюнча жаңы идеялар жана концептуалдык долбоорлорду алуу жана аларды кийинки муундарга өткөрүп берүү; шаарды куруу боюнча сунуштарды камсыз кылуу;
• учурдагы абалга альтернатива көз караштар менен ар кандай жактарды карап чыгуу;
• борбордун статусуна ылайык келген жана өзгөчөлүк, жагымдуулук берчү идеяларды карап чыгуу;
• ар кандай идеялар жана концепцияларды талкуулоо.
Конкурска каттоо 2014-жылдын 30-июнунда саат 17:00дө аяктайт.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча төмөнкү сыйлыктар берилет: биринчи орун - 150 миң түрк лирасы, экинчи орун - 70 миң түрк лирасы, үчүнчү орун - 30 миң түрк лирасы. Ошондой эле 10 миң түрк лирасы өлчөмүндө төрт ыраазычылык сыйлыгы каралган. Лиранын курсу болжол менен 25,2 сомго барабар.