
Бишкекте 14-майда эл аралык агроөнөржай көргөзмөсү «Айыл-Агро 2014» башталды. Көргөзмөдө дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 70 техника көрсөтүлдү.
Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана сугат министри Таалайбек Айдаралиев, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, президент аппаратынын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасындагы бир катар дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү катышты.


