Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Принцесса на жашыл буурчак

Принцесса на жашыл буурчак

Биздин республикадан келген кол өнөрчүлөр Туман Альбинонын борборунда өткөн 55-эл аралык кайрымдуулук жарманкесине катышты.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Кенсингтондун борбордук аймагындагы престиждүү зал 80ден ашык өлкөдөн келген 100гө жакын стендди кабыл алды. Мындан тышкары, сахнада фольклордук топтордун концерттери уюштурулду.

Кыргызстандын түстүү экспозициясы Бишкектен атайын келген Фарзана Шаршенбиеванын улуттук сувенирлери жана жүндөн, жибектен жасалган шарфтары менен, ошондой эле Англияда жашаган КРнын туулган кызы Гульсары Девистин зергерчилик буюмдары менен көрсөтүлдү. Уникалдуу жана оригиналдуу буюмдар мастерлердин арасында эл жана дипломатиялык корпус тарабынан чоң популярдуулукка ээ болду.
Принцесса на горошине

Биздин стендге монардык үй-бүлөнүн өкүлү, ошондой эле бул жарманкенин патрону - принцесса Александра да келип кетти. Ал, ошондой эле, Елизавета IIнин тууган эжеси. Королдук бийиктиги, принцесса Александра Кентская уникалдуу иштерге таң калып, кыргыз делегациясына эл аралык фестивалды дайыма жана активдүү колдоп келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Алим Аюмов
15-05-2014, 19:05
Вернуться назад