Региондун бир тургуну турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү маселесин көтөрдү. "Президент тарабынан жерлерди трансформациялоо боюнча мыйзам кол коюлган. Документ качан иштей баштайт?", - деп сурады ал. Жооп катары Жогорку Кенештин депутаты Эсенгул Исаков бул тармактагы абалды кенен түшүндүрдү. Торага А. Жээнбеков жергиликтүү бийлик жер участокторун бөлүштүрүү боюнча жалпы план түзүшү керектигин жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин белгиледи. Ошондой эле ал мыйзамды ишке ашырууда айыл чарба маанисиндеги жерлерге зыян келтирбеши керектигин баса белгиледи. "Биз себүү жерлеринин аянтын көбөйтүшүбүз керек, бул багытта өкмөт зарыл каражаттарды бөлүшү керек", - деди торага.

Жолугушуунун жүрүшүндө балдар бакчаларынын жетишсиздиги маселеси да көтөрүлдү. А. Жээнбеков 2013-жылы Жогорку Кенеш тарабынан кабыл алынган токтомду эске салды, анын негизинде мамлекетке 35 бала бакча имараты кайтарылган. Ал бул багытта иштерди улантуунун зарылдыгын белгилеп, келечекте социалдык объектилердин курулушу көбөйөрүн айтты.
Жергиликтүү тургундар ошондой эле ички жолдордун абалын жакшыртуу маселесин көтөрүп, конкреттүү участкаларды мисал келтиришти.
КР Транспорт жана байланыш министринин орун басары Абдимамат Мурзабековдун маалыматына ылайык, быйыл Чүй облусунда 17 км жолду оңдоо пландалууда. Жергиликтүү тургундар тарабынан көрсөтүлгөн ички жолдордун участкаларын оңдоо мүмкүнчүлүгүн министрлик быйыл карайт, - деди ал. КР өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Исаев Торагага Транспорт жана байланыш министрлиги жолдорду оңдоо планын облустун жетекчилиги менен макулдашпастан бекиткенин белгиледи. Ал министрлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул маселени чечүүгө убада берди.
"Ата-Журт" фракциясынын лидери Жылдызкан Джолдошова Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү куруунун коопсуздугу жана технологиялык стандарттарга ылайыктыгы боюнча суроолорго жооп берди. Депутат бул маселе парламентте бир нече жолу көтөрүлгөнүн белгилеп, "Ата-Журт" фракциясы бул темага кайра кайтып келерин билдирди.
"Биз ар бир жарандын көйгөйлөрүнө кайдыгер боло албайбыз, аларды дароо чечүү керек", - деди торага А. Жээнбеков, жана айтылган суроолорду облустун жетекчилиги менен биргеликте кененирээк караларын билдирди.
Эскерте кетсек, Тораганын Чүй облусунун тургундары менен болгон жолугушуусуна Жогорку Кенештин депутаттары Жылдызкан Джолдошова, Туратбек Мадылбеков, Эсенгул Исаков, Татьяна Левина, Ирина Карамушкина, Эркин Сакебаев, социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, финансылар министринин орун басары Арзыбек Кожошев, транспорт жана байланыш министринин орун басары Абдимамат Мурзабеков, айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Нурлан Дүйшеев, билим берүү жана илим министринин орун басары Догдургул Кендирбаева катышып, алардын суроолоруна жооп беришти.