1-июнда 96 жашында "Манас" эпосунун улуу айтып бергичи Жусуп Мамай дүйнөдөн кайтты. Манасчы бүгүн, 2-июнда, Ак-Чиеде жерге берилет.
Мамлекет башчысынын маалымат саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, 30-майда президент Алмазбек Атамбаев Жусуп Мамайга "Кыргыз республикасынын баатыры" деген жогорку наамды берүү тууралуу указга кол койгон, ошондой эле "Ак Шумкар" атайын белгисин тапшырган.
Манасчы улуу "Манас" эпосун жана башка эпикалык чыгармаларды сактоодогу өзгөчө жеке жетишкендиктери, ошондой эле Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурасын байытуудагы көрүнүктүү салымы үчүн сыйланган.
МаалыматЖусуп Мамай – манасчы, коомдук ишмер, 1918-жылдын 18-апрелинде (башка маалыматтар боюнча - 4-майда) СУАР (Кытай) Акчий районунун Меркеч айылында төрөлгөн. Жети жашында жазууну үйрөнгөн. "Манас" эпосун сегизинчи муунга чейин айтып берген. Анын айтымында, эпос 500 миң саптан турат.
Жусуп Мамайдын аткаруусундагы "Манас" эпосунун варианты Кытайда араб тилинде жарык көргөн. "Тоштук", "Мамаке Шопок", "Кобон" жана "Толтой" эпостору да жарык көргөн. Кыргыз Республикасында "Манас" I даражадагы ордени менен сыйланган, эл артисти наамына ээ болгон.