Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти, Бириккен Араб Эмирликтерине жана вируска чалдыгып калган учурлар катталган өлкөлөргө чыгып жаткан Кыргызстандын жарандарын MERS вирусунун жайылышы тууралуу эскертет жана инфекциянын алдын алуу боюнча зарыл маалыматты Кыргыз Республикасындагы тиешелүү органдардан алууну сунуштайт.
Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) коронавирус MERS инфекциясынан улам акыркы айларда 64 жаштагы БАЭ жараны жана Филиппинден келген тез жардам дарыгери каза болду. 2014-жылдын башынан бери БАЭ аймагында вирус болжол менен 40 адамда аныкталган.
Туризм департаменти, БАЭге жана вируска чалдыгып калган учурлар катталган өлкөлөргө чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын MERS вирусунун жайылышы тууралуу эскертет жана инфекциянын алдын алуу боюнча зарыл маалыматты Кыргыз Республикасындагы тиешелүү органдардан алууну сунуштайт, ошондой эле түйүлдүк менен байланыштан жана сафарига баруудан качууну сунуштайт.
Булак: Туризм департаментинин маалымат кызматы