
Ат-Баши районундагы «Кыргыз шырдагы» IV эл аралык фестивалында өткөн эң мыкты кыргыз килеми боюнча конкурстун жыйынтыктары чыгарылды.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча 3-орунду - Ат-Баши районунун Ача-Кайынд айылынан Мооркан Орозбакова, Нарын районунун Кызыл-Туу айылынан Динара Имашова, Ат-Баши районунун Ача-Кайында жашаган Роза Шейшеналиева жана Ат-Баши районунун Баш-Кайынд айылынан Дамира Курманалиева ээлешти. Алар 5 миң сомдон сыйлык алышты.
2-орунду - Ат-Башы айылынан Айттыкан Жуманова, Ат-Баши районунан Бурулбубу Жумабаева жана Ат-Башы айылынан Шааркан Канышова ээлешти. Алар 7 миң сомдон сыйлык алышты.
1-орунду - Ат-Баши районунун Баш-Кайынд айылынан Венера Семетева, Жалал-Абад облусунан Рапия Байназарова жана Нарын облусунун Калинин айылынан Сайкал Кожокулова ээлешти. Алар 10 миң сомдук акчалай сыйлык алышты.
Мындан тышкары, эски килемдерди сактап калган усталар баалуу сыйлыктарга ээ болушту.