Кыргызстанда калктын санынын жогору темп менен өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин адистери бейшемби күнү өткөн маалымат жыйынында билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, 2013-жылы 155,5 миң адам төрөлгөн, 34,8 миң адам өлгөн, калктын өсүшү 113,5 миң адамды түзгөн.
«Калктын санынын өсүшү биринчи кезекте 20-29 жаштагы аялдардын санынын көбөйүшү менен байланыштуу. Алар төрөлгөн балдардын негизги бөлүгүн түзөт. Биздин учурда, бир аялга үч бала туулгандыгын көрсөткөн көрсөткүч бар», - деп белгиледи Улуттук статистика комитетинин демографиялык статистика бөлүмүнүн адиси Тамара Таипова.
Эздер:
K-News